Калкты тейлеген бирдиктүү "Кызмат" ишканасын түзүү сунушталды

Жаңы уюшулган мамлекеттик ишкананы каржылоо толугу менен акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтар жана кызмат көрсөтүүлөр аркылуу ишке ашат.
Sputnik

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Өкмөттө калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндө кызмат көрсөтүү боюнча бирдиктүү орган түзүү аркылуу каттоо системасын өнүктүрүү концепциясынын долбоорун талкуулаган жыйын өттү. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов төрагалык кылганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары, санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев каттоо системасындагы көйгөйлөрдү чечүү, ошондой эле калкка көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жакшыртуу жана өнүктүрүү үчүн чет элдик тажрыйбаларды колдонуу ылайыктуу деп эсептейт.

Кыргызстанда калкка көрсөтүлгөн кызматтар канчага кымбаттады. Статистика
Анын белгилешинче, аныкталган аймактарды чет өлкөлөрдүн тажрыйбасы боюнча Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментин Калкты тейлөө борборлоруна өткөрүп берүү менен "Кызмат" мамлекеттик ишканасына өзгөртүү сунушталууда.

Ишкананы каржылоо толугу менен акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтар жана кызмат көрсөтүүлөр аркылуу ишке ашат.

Марипов калкты кыска мөөнөттө сапаттуу тейлөөнүн зарылдыгын, жарандардын Калкты тейлөө борборлорунда кезек күтпөй, ыңгайлуу тейлениши маанилүү экенин белгиледи.

Жолугушууда актуалдуу маселелер жана каттоо системасын реформалоо боюнча милдеттер талкууланды.

Жыйынтыгында Санариптик өнүктүрүү министрлигине Каттоо системасын өнүктүрүү концепциясынын долбоорун бир жуманын ичинде аягына чыгаруу тапшырылды. Мында мекеме бирдиктүү тейлөө борборлорунда бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн түзгөн чет өлкөлөрдүн тажрыйбасын эске алышы керек болот.