Кыргызстанга бөлүнгөн 240 млн. доллар кайда жумшалат. ЭВФтин кезектеги жардамы

Эл аралык валюта фонду бир нече мамлекетке 650 миллиард доллар бөлгөн. Анын ичинен Кыргызстанга 240 миллион доллар тийген.
Sputnik

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Эл аралык валюта фонду которгон акча алтын валюта корун толуктоого жумшалат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстанга Улуттук банктан кабарлашты.

Эске салсак, 23-августта 650 миллиард доллар өлчөмүндөгү карыз алуунун (SDR) атайын укуктарын бөлүштүрүү ишке ашары маалым болгон. Бул тарыхтагы эң ири сумма болуп саналат. 170 SDR же болбосо азыркы курс менен алганда 240 миллион долларлык каражат Кыргызстанга келип түштү.

"SDR алкагында соңку ирет бөлүнгөн каражат өлкөнүн алтын валюта резервин толуктоого жумшалат. Бүгүнкү күндө анын көлөмү SDR менен алган акчаны кошо эсептегенде 2 миллиард 872 миллион доллар болду", — деп Улуттук банктан (УБ) Sputnik Кыргызстандын сурамына жооп беришти.

УБ SDR каражаттарын чет элдик валютага которуп алууга мүмкүн экендигин, бирок ал бекер болбостугун айтты.

"Эгерде SDR менен конвертация жасалса, бул каражаттарды которгону үчүн пайыздык акча төлөнөт. Анын чени өзгөрүп турат, тагыраагы, алынган беш валютанын (доллар, евро, фунт, йен жана юань) наркына жараша болот. Учурда SDR боюнча пайыздык чен жылдык акчанын 0,05 пайызын түзөт", — деп айтышты башкы банктан.

Алтын-валюталык кор (эл аралык валюталык резервдер) Улуттук банкка сомдун курсун түшүрбөй кармап турууга мүмкүнчүлүк берет.

Резервдер валютанын ондон ашуун түрлөрүнөн, SDR (карыз алуунун атайын укуктары — Эл аралык валюта фондунун жасалма резервдик жана төлөм каражатынан) жана алтындан турат.