30 жылда Кыргызстандын экономика жана саясаты кантип өзгөргөн. Адистердин пикири

31-август күнү Кыргызстандын эгемендүүлүк алганына туура 30 жыл болот. Бул аралыкта өлкө саясатында кандай өзгөрүүлөр болуп, ал чечимдер экономикага кандай таасир эткенин адистер айтып берди.
Sputnik

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Адистер Кыргызстандагы эгемендүү 30 жыл ичиндеги саясий  жана экономикалык системалар тууралуу өз пикирлерин айтышты. 

Бишкекте “Кыргызстан эл аралык саясатта: көз карандысыздыктын 30 жылы” деген аталыштагы онлайн-конференция болуп өттү. Дискуссияны “Евразиялыктар — Жаңы толкун” фонду уюштуруп, ага саясат таануучулар, экономисттер, коомдук ишмерлер, окутуучулар менен студенттер катышты. 

Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары, ТИМдин Дипломатиялык академиясынын профессору Аскар Бешимов Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн алгачкы этаптарында башкаруунун либералдык моделин тандаганын айтты. Бул экономикалык ишмердүүлүккө мамлекеттин өтө аз кийлигишүүсү, жарандарга сөз эркиндигин жана абийир эркиндигин берүү дегенди туюндурат.

30 жылда Кыргызстандын экономика жана саясаты кантип өзгөргөн. Адистердин пикири
"Мындан улам менчиктештирүү процесси башталган. Кыргызстан биринчи болуп өзүнүн улуттук валютасын кабыл алган. Либералдык моделди карманган өлкө Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болгон. Мындай кадамдар биздин келечегибизди аныктаган. Жакшы жери Кыргызстан аз убакыт ичинде эң ири реэкспорттук хабга айланган. Кытай товарлары постсоветтик башка өлкөлөргө Кыргызстан аркылуу тарап турган. Бизде Борбор Азия боюнча ири базарлар ачылган. Бирок ошол эле учурда көмүскө экономика пайда болуп, контрабанданын туруктуу системасы түзүлгөн”, — деди Бешимов.

Адистин айтымында, алгачкы президент Аскар Акаевдин экономикалык саясаты жакшы киреше алып келе турган кластерлерди түзүүгө багытталган. Кеп балык, төө буурчак өндүрүү жана туризм (биринчи кезекте тоо лыжа базаларын) тууралуу болуп жатат. Анткен менен айрым либералдык чечимдер күтүлгөн жыйынтыктарды бере алган эмес. 

Кыргызстанга бөлүнгөн 240 млн. доллар кайда жумшалат. ЭВФтин кезектеги жардамы
"Эсимде, ошол кезде Акаевди көпчүлүк элге сөз жана абийир эркиндигин берели, мамлекеттик мүлктү менчиктештирели, валюта курсу эркин болсун деп үндөшкөн. Мунун бардыгы Кыргызстанды алдыга жылдырат деп айтышкан. Ооба, чындап эле бул нерсе керек экен, бирок өнүгүү үчүн ушул эле жетиштүү эмес тура. Тез эле коом бай менен кедей болуп бөлүнүп калды. Мигранттардын ири агымы пайда болду. Ар кайсы булактардагы маалыматтар боюнча, башка өлкөгө иш издеп, 1-1,5 миллион киши кетип калды. Ооба, акча келип, экономикага жөлөк болуп жатат. Бирок биз мээси кыйын иштеген жарандардан кол жууп калып жатабыз”, — деди дипломат.

Саясат таануучу Алина Молдокееванын айтымында, Кыргызстанда суверендешүү процесси радикалдуу либералдык реформаларга багыт алган донор мамлекеттер менен эл аралык уюмдардын каржылык жана институттук колдоосу менен ишке ашкан. Бирок салттуу коом калыптанып калган жерде туруктуу мамлекеттик институттарды түзүү мүмкүн болгон эмес. Молдокееванын айтымында, муну Башкы мыйзамдын бир нече ирет өзгөртүлүшү, 2005, 2010 жана 2020-жылдардагы төңкөрүштөр, ошондой эле өлкөнүн түштүгүндөгү кагылышуулар далилдеп турат. Чыныгы суверенитетти камсыздаш үчүн суверендешүү моделин өзгөртүү керек. Анда улуттук өзгөчөлүктөр, тышкы саясат сыяктуу нерселер эске алынышы зарыл.

"Кайра куруу учурунда көпчүлүк реформаторлор рыноктук институттарды кайсы система болбосун жарай берчү универсалдуу нерсе катары кабыл алды. Ошол эле учурда эч ким стереотиптерди жана баалуулуктарды эске алган жок. Жыйынтыгында Кыргызстан калыптанбаган мамлекетке айланып, эгемендүүлүгүн жоготуп алуу коркунучуна кептелди. Ошол нерсе азыр дагы актуалдуу”, — деди адис.

Азыр Улуттук банктын алтын кору кандай. Жакында эле үч эсеге азайып кеткен
Экономист Нургүл Акимова бул жылдары кабыл алынган саясий чечимдер боюнча бир нече экономикалык этапты санап өттү. 1998-жылга чейин Кыргызстанда өндүрүш жана айыл чарбасы үстөмдүк кылган. Өлкө Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болгон соң экономиканын реэкспорттук модели калыптанган. Ири мекемелер менчиктештириле баштаганынан улам кызмат көрсөтүү рыногу күч алган. Ошондон тарта өлкөнүн соода балансы бузулган. Төлөм балансы менен улуттук валютанын курсун теңеп турууга донорлордун техникалык жардамы жана алтын сатуудан түшкөн киреше жардам берген. 

2005-2010-жылдар ортосунда ички жана тышкы миграция күч алды. Кыргызстанга негизги кирешени алтын сатуу, мигранттардын которгон акчасы, тамак-аш жана аз-маз жеңил өнөр жай экспорту алып келип турган. 

Экономиканын реэкспорттук модели 2015-жылга, тагыраак айтканда, ЕАЭБге киргенге чейин жогору болуп турду. Алты жыл мурда кабыл алынган чечим бажыдагы тазалоолордун эрежесин өзгөрттү.

30 жылда Кыргызстандын экономика жана саясаты кантип өзгөргөн. Адистердин пикири
"Чоң өзгөрүүлөр болду, реэкспорт токтоду. Активдүү соода өлкө экономикасына жакшы таасир эткен. Бизнестин чогулткан каражаты курулушка жана кыймылсыз мүлккө бурулду. ЕАЭБге кошулуу сырткы экономикалык ишмердүүлүктү кыскартты. Анын ордуна товарлар менен кызматтардын интернет аркылуу сатылуусу күч алды. Санариптешүү башталып, экономиканын модели алмашууда”, — деди Акимова.

Эске салсак, 31-август күнү Кыргызстандын эгемендүүлүк алганына туура 30 жыл болот.