Кыргыз фондулук биржасы ондогон жылдарды камтыган тарыхы болсо да жакшы өнүгө албай келет. Мунун биринчи себеби 20 жылдан ашык жеке менчик мекеме катары иш алып барып, мамлекет тарабынан көңүл бурулган эмес. Бул тууралуу Медет Назаралиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун III бизнес-форумунда улуттук биржа ЕАЭБдеги эң ири биржалардын катарына кирген Москва жана Санкт-Петербург биржалары менен меморандумдарга кол койгон.
"Москва биржасы дүйнөдөгү бул багыттагы ири фонддордун катарын толуктайт. Биз бул биржа менен баалуу кагаздар боюнча иш алып барууну мерчемдеген келишимдерге кол койдук. Ал эми Санкт-Петербург биржасы да өз ишмердүүлүгүн ийгиликтүү жүргүзүп келе жатат. Бул жактагы кесиптештерибиз менен товар жүгүртүү багытында иштешебиз. Биздин Кыргыз фондулук биржасын өнүктүрүүдө бул эки эл аралык мамилелер чоң өбөлгө болуп берет. Москва биржасынан технологияларын үйрөнсөк, экинчисинен ЕАЭБдин өлкөлөрүндө өндүрүлгөн товарлар биржа аркылуу сатылсын деген эрежени аткаруу үчүн тажрыйба алабыз",— деди Назаралиев.
Ал былтыр Кыргыз фондулук биржасында 11 миллиард 830 миң сом соода жүгүртүү болгондугун кошумчалады.