Алдыдагы узакка созулган дем алыш күндөргө карата аба ырайы

Алдыда кыргызстандыктар төрт күн катары менен эс алышат. Синоптиктер дал ошол күндөргө карата аба ырайы кандай болорун айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Кыргызгидромет 1-сентябрга чейинки өлкөдөгү аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Чүй облусу

26-27-август жаан-чачын болбойт. Күндүз тоолуу аймактарда гана өткүн өтүшү күтүлүүдө. 28-30-августта түнү тоолордо, күндүз өрөөндөрдө кыска мөөнөттүү жаан жаашы мүмкүн. 31-августта жана 1-сентябрда айрым аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү божомолдонду.

Талас облусу

26-августта күн ачык болот. 27-31-август күндөрү күндүз айрым райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт. 1-сентябрь күнү күн ачылат.

Тай казандан секирген БТР! Нурдиндин улакты кан дүргүтө салган видеосу
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустары

26-август күнү бул аймактарда күн ачык болот. 27-августтан 31-августка чейин жер-жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт. Баткен облусунда 1-сентябрь күнү жаан жаабайт.

Ысык-Көл облусу

26-августтан 1-сентябрга чейин облустун айрым райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаайт, күн күркүрөйт.

Нарын облусу

26-августтан 1-сентябрга чейин Нарындын көпчүлүк жеринде күндүз жаан-чачындуу болот.

Болжолдуу аба ырайы

Синоптиктер 2-3-сентябрь күндөрү күн ачык болорун божомолдоп жатат.