"Ала-Тоо" аянтына толгон аскерлер парадга даярданууда. Видео

Кыргызстан эгемендүүлүктүн 30 жылдыгын белгилегени жатат. Бишкектеги аянтта аскердик парад уюштурулат.
Sputnik

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Бишкектеги борбордук "Ала-Тоо" аянтында Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата аскердик парадга даярдык жүрүп жатат. Бул тууралуу жеринен Sputnik агенттигинин кабарчысы билдирди.

Буга карата Чүй проспектиси Орозбеков көчөсүнөн Эркиндик проспектисине чейинки аралыгындагы жол кыймылы саат 22:00гө чейин жабылды. Мындан сырткары, эски аянттан өтүүгө да чектөө киргизилди.

Кайгуул милициясынын башкармалыгы белгилегендей, эски аянт эртең, 27-августта да жабылат.