Ысык-Көлдө сел жолдорду жууп, көрүстөндү каптап кетти. Видео

Кечээ күнү кечинде Түп районунда катуу жаан жаап, Шаты жана Балбай айылдарында сел жүргөн. ӨКМдин кызматкерлери жеринде иштеп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунда нөшөрлөп жааган жаандан улам эки айылды суу каптады. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Кечээ күнү жүргөн сел Шаты айылындагы эки короону, ички жолду, Балбай айылындагы көрүстөндү каптап кеткен.

ӨКМдин кызматкерлери менен жашоочулар тазалоо иштерин жүргүзүп жатат.