ПЦР-тестти жасалмалоо фактысы. Өкмөт министрликтерге тапшырма берди

Көз карандысыз журналисттер Али Токтакунов менен Мээрим Сырдыбаеванын материалында айтылган жасалма тастыктамаларды берүү фактысы териштирилмей болду.
Sputnik

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова ПЦР-тесттин жыйынтыгын бурмалаган фактыларды териштирүү ишин өз көзөмөлүнө алат. Бул тууралуу өкмөт билдирди.

Маалыматка караганда, Бакашова көз карандысыз журналисттер Али Токтакунов менен Мээрим Сырдыбаеванын материалында айтылган жасалма тастыктамаларды берүү фактысы боюнча ыкчам кеңешме өткөргөн. Ал Ички иштер министрлигине журналисттердин иликтөөсүндө көрсөтүлгөн фактылар боюнча белгиленген тартипте териштирүүнү баштоону тапшырган.

"Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине бир жуманын ичинде мыйзам бузуу фактыларын изилдеп чыгуу, анын жыйынтыгы боюнча менчик лабораториялардын ишин Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык кароо тапшырылды", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы материалда көрсөтүлгөн фактылар боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүү жана мындай мыйзам бузуулардын алдын алуу чараларын көрүү милдеттендирилди.