UFC уюмунун экс-чемпиону, россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовго Нижний Новгороддо белгисиз бирөө кол салууга аракет жасады. Бул тууралуу Р-Спорт маалымат булагы жазып, окуянын видеосун чыгарды.
Шаарда Нурмагомедовго таандык Eagle FC лигасынын мелдеши өткөн. Турнир аяктагандан кийин Хабиб залдан чыгып бара жатканда, ага белгисиз бирөө кол салууга аракет кылган. Жан сакчылар аны мушкерге жакын жолоткон эмес.
Хабиб Нурмагомедов 2020-жылы Жастин Гэтжини уткандан кийин спорттук карьерасын жыйынтыктаганын жар салган.
Россиялык атлет ММА спортунда 29 ирет беттешип, бир да жолу жеңилген эмес.