Марипов: мектептердеги окуу онлайн тартипте уланбайт

Министрлер кабинетинин жетекчисинин айтымында, аралыктан окутуу учурунда Кыргызстанда билимдин деңгээли начарлап кетти.
Sputnik

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Кыргызстандын мектептеринде билим берүү онлайн тартипте уланышы мүмкүн эмес. Бул тууралуу Өкмөт үйүндөгү жыйында министрлер кабинетинин жетекчиси Улукбек Марипов айтты.

Учурда министрлер кабинети жалпы билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына даярдыгын карап жатат.

"Мектептерде окутуу онлайн тартипте уланууга мүмкүн эместигин моюнга алышыбыз керек. Билим берүүнүн сапаты аралыктан окутуу учурунда төмөндөп кетти", — деди Марипов.

Анын айтымына караганда, билимдин начарлап кеткендигинин белгилеринин бири жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы. 2019-жылдагыга салыштырмалуу былтыр жана быйыл абитуриенттердин орточо баллы азайтылган.

Буга чейин министрлер кабинети жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталарын билдирген эле.