Алимардон Шукуров АФКда аптанын мыкты футболчусуна талапкер болууда

"Неман" клубу өткөн аптада "Минск" клубун 4:0 эсебинде уткан. Командага жеңиш алып келген голдордун бирин кыргызстандык футболчу киргизген.
Sputnik

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Беларустун "Неман" клубунун жарым коргоочусу, кыргызстандык футболчу Алимардон Шукуров Азия футбол конфедерациясынын (АФК) "Аптанын футболчусу" наамына ат салышып жатат. Ал Өзбекстан, Корея, Иран, Япония жана Австралия оюнчуларынын, жалпысынан 10 талапкердин катарында күч сынашып жатканы аталган уюмдун расмий сайтына чыкты. 

Беларустук "Неман" өткөн аптада "Минск" клубун 4:0 эсебинде уткан. Командага жеңиш алып келген төрт голдун үчүнчүсүн кыргызстандык футболчу киргизген

Гүлжигит Алыкулов экинчи ирет Азия боюнча "Аптанын футболчусу" болду
Кезектеги чабуулда Шукуров айып сызыгынын сыртынан дарбазанын үстүңкү бурчуна таамай тепкен. Гол жеңишке болгон ишенимди бекемдегени жана кооздугу менен да айырмаланды. Бул улуттук команданын жарым коргоочусу үчүн Беларусь чемпионатындагы дебюттук гол болуп саналат.

Алимардон Шукуров "Неман" клубуна ушул жылдын февраль айында өткөн.

Мыкты футболчуга добуш берүү 28-август саат 17:00гө чейин созулат. Күйөрмандар шилтеме аркылуу кыргызстандык футболчуга добуш бере алат.