Орус окумуштуулары вирустун имарат ичинде тарашына бөгөт койчу ыкма сунушташты

Адистин айтымында, кеңсе же ушул сыяктуу көп адамдар узак убакытка чогулган имараттарда аларды бири-биринен бөлүп турган тосмолор коюлушу зарыл.
Sputnik

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Түштүк-Урал мамлекеттик университетинин (Россия) окумуштуулары имараттын ичинде вирустун жайылышын токтотуу ыкмасын сунушташты. Бул тууралуу Journal of Hazardous Materials басылмасындагы макалага шилтеме берип "Известия" басылмасы жазды.

Окумуштуулар жабык жерде респиратордук вирустук инфекция, анын ичинде коронавирус кандай жол менен тарай турганын гидродинамикалык ыкма менен аныкташкан. Башкача айтканда, вирустун абада кантип жылып жүрөрүн абанын химиялык курамы аркылуу билишкен.

"Вирус аба аркылуу тараарын баарыбыз белибиз. Адамдар аралыкты сактаган учурда анын жукпай турганы дагы маалым. Бирок имараттын ичинде бир эле аба айланып тургандыктан аралыкты сактоо менен гана вирустан коргоно албайбыз", — деди изилдөөнүн катышуучуларынын бири, улук илимий кызматкер Афрасяб Хан.

Мурундан өпкөгө, андан ары мээге. COVID организмди кантип жабыркатат. Видео
Анын айтымында, кеңсе же ушул сыяктуу көп адамдар узак убакытка чогулган имараттарда аларды бири-биринен бөлүп турган тосмолор коюлушу зарыл.

"Кеңселерге тосмолорду орнотуп, кызматкерлерди бири-биринен оолак кармоо чындап эле вирустан сактануунун эффективдүү жолу. Бул ыкманы пайдаланган ишканалар келечектеги карантиндерден оңоюраак чыгып кетеринде талаш жок", — дешти окумуштуу.

Адистер бул ыкманы келечекте аэропорт, автобекет сыяктуу пандемия учурунда иши үзгүлтүккө учураган мекемелерде пайдаланса болорун айтууда.