Радио

Сарыбаев: СССРде кыргыз мединституту беш мыкты окуу жайдын тизмесинде эле

Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Акпай Сарыбаев СССРде медиктерди даярдаган 50-60тай окуу жайдын ичинен мединститут алдыңкы беш мыкты окуу жайдын тизмесинде болгонун айтты.
Sputnik

Азыркы Кыргыз медициналык академиясы (башында Кыргыз мамлекеттик медициналык институт болчу) өлкө аймагында кардиология адистерин даярдап чыгарууга чоң салымын кошту. Ал кезде институтка Харьков улуттук медициналык университетинен жетекчи, профессор, мугалимдер келип окутуп, өтө белгилүү окуу жай эле. Ал эми Харьковдон бир эле Советтер Союзуна эмес, Европага чейин белгилүү окумуштуу, дарыгерлер чыккан. Бул тууралуу Акпай Сарыбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Сарыбаев: СССРде кыргыз мединституту беш мыкты окуу жайдын тизмесинде эле

Анын айтымында, өткөн кылымдын 60-жылдарында Кыргызстанга биринчи электрокардиография алып келинген.

"1985-жылы Советтер Союзундагы мамлекеттердин мединституттарын текшерүүгө алдын ала айтпастан Москвадан чоң комиссия келген. Алар жалпы базаны эмес, кадрлардын даярдыгын текшеришкен. Комиссия лекция учурунда кирип келип эле студенттерге суроо узатып, жазуу түрүндө жооп алышкан. Анализдин жыйынтыгында Советтер Союзунда медиктерди даярдаган 50-60тай окуу жайдын ичинен биздин мединститут алдыңкы беш мыкты окуу жайдын тизмесине кирген. Борбор Азиядагы бир да институт мыктылыгын көрсөтө алган эмес. Ошол мезгилдеги дагы бир көзгө басарлык жетишкендигибиз — 1959-жылы Иса Ахунбаев Орто Азияда алгачкы жолу жүрөккө операция жасап, тарыхта аты калган. Муну менен кыргыз кардиологдору азыркыга чейин сыймыктанып келет. Өткөн кылымдын 50-60-жылдарында Кыргызстанда өлүмгө, майыптыкка алып барган илдеттердин ичинен жүрөк-кан тамыр оорулары биринчи орунда эле. Мындай көрсөткүчтөн улам "кардиологиянын атасы" атыккан Мирсаид Миррахимов алгачкылардан болуп коңгуроо кагып, адистештирилген кардиологиялык кызмат түзүү зарылчылыгын айтып чыккан. Ошентип 1963-жылы 15 союздук республиканын ичинен биринчилерден болуп Фрунзеде 60 бейтапка ылайыкталган кардиология бөлүмү ачылат. Андан кийин 1977-жылы Кыргыз ССРинин Министрлер кеңешинин токтомунун негизинде Кардиология илим-изилдөө институту өз ишин баштаган", — деди Сарыбаев.

Кардиолог Миррахимов бийик тоолуу климаттын ден соолукка тийгизген таасири боюнча илимий изилдөө иштерин жүргүзүп, 1965-жылы СССРде биринчилерден болуп Кыргызстанда бийик тоолуу аймакта бейтапкана ачылганын кошумчалады.