2015-жылдан тарта Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине мүчө болуп келет. Беш жыл аралыгында уюм ичиндеги өлкөлөр арасында товар айлантууда инфраструктуралык жол-жоболор, документтештирүү иштери жана миграция жаатында бир топ жеңилдиктер киргизилди. Эми алдыда энергокубаттуулуктун экспорттук тарифтерин теңдөө жана биржаларды күчтөндүрүү пландары бар. Бул тууралуу Темирбек Асанбеков Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду уюштурган III бизнес-форумда Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, форумдун жүрүшүндө уюм ичинде жана үчүнчү өлкөлөргө товар экспорттоо боюнча XXI-XXII жол картасы кабыл алынды.
"ЕАЭБ түзүлгөнүнө беш гана жыл болгонуна карабай өндүрүүчүлөрдүн товарын жүгүртүүдө чек ара, документ иштери жана башка инфраструктуралык маселелерди жолго кое алды. Эми экинчи этабында энергокубаттуулуктун тарифтерин бириктирүү маселеси каралууда. Буга мунай, газ жана электр энергиясы кирет. Бул — өндүрүмдөрдүн өлкө ичиндеги баасы, ал ар бир мамлекеттин өзүнүн иши, ал эми анын биримдик ортосунда товар катары сатылуусу жана үчүнчү мамлекеттерге экпорттолуусун бирдиктүү саясатка алып келишибиз керек. Бул үчүн биржалардын ишин жолго коюу зарыл. Анткени аталган өндүрүмдөр биржа аркылуу сатылат. Алдыда мына ушул багытта иштер жасалмакчы. Ал эми уюмдагы электр энергиясын өндүрүп экспорттогон негизги өлкө болуп калууга Кыргызстандын мүмкүнчүлүгү жогору, муну биримдик алкагында ишке ашыруу ыңгайлуу", — деди Асанбеков.
Министр келечекте уюм ичинде ачык базар экономикасы эрежеси иштеши зарылдыгын кошумчалады.