Махмудовдун трикосу рекорддук суммага сатылды. Каражат кайрымдуулукка кетет  

Аукциондун катышуучусу сунуштаган негизги суммадан тышкары, форумдун катышуучулары спортчуга 19,5 миң доллар чогултуп берүүнү чечишти.
Sputnik

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Кыргызстандын грек-рим күрөшүнүн балбаны, Олимпиада оюндарында күмүш медаль уткан Акжол Махмудовдун аукционго койгон трикосу сатылды. Бул тууралуу спортчу өзүнүн Instagram баракчасына жазды.  

Аукцион бүгүн, 25-августта, Ысык-Көлдө өткөн Gamma бизнес-форумунун алкагында ишке ашты. Спорттук костюмдун баштапкы баасы 50 доллар деп белгиленген. Трико 6,5 миң долларга сатылды. Анткен менен форумдун катышуучулары Махмудовго кайрымдуулукка жумшоосу үчүн дагы каражат топтоорун айтышты.  

"Менин Олимпиада оюндарында кийген трикомду аукциондун катышуучусу 6500 долларга сатып алды. Башка катышуучулар дагы 19 миң доллар чогултушту. Ошентип жалпы баасы 26 миң доллар болду. Колдооңуздар үчүн рахмат”, — деди спортчу.  

Маалыматка караганда, каражаттын 60 пайызы кичинекей Аруузаттын дарылануусуна коротулат. Калганын дагы Махмудов кайрымдуулукка жумшамакчы.