Алган билимди бирөөгө үйрөтүш керек. Айсулуу кийинки карьерасы тууралуу

Кыргыз элине зор кубаныч тартуулаган спортчу Sputnik Кыргызстан агенттигине маек уруп, бала чагы, спортко аралашуусу, анан, албетте, Олимпиада тууралуу айтып берди.
Sputnik

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik.Айсулуу Тыныбекованын спортчу катары карьерасын жыйынтыктаган соң машыктыруучулукту аркалоо ниети бар. Бул тууралуу спортчу Sputnik Кыргызстан агенттигине курган маегинде билдирди.

Анын айтымында, насаатчылары аны машыктыруучулукка даярдап келишкен.

"Машыктыруучуларым 12 жылдан бери болгон билимин мага өткөрүп берип жатышат. Бул жашоодо алган билимди кайра бирөөнө үйрөтүш керек экен. Насаатчыларым келечекте мени машыктыруучу катары элестетишет. Ошого даярдап келишкен, ачык да айтышкан. Азыр мага машыктыруучу болгон эртеби деп ойлойм, бирок баарын бир алып кетсе болот. Эгер адамдын каалоосу чоң болсо, баарын бирдей алып кете алат. Олимпиадага бара турганымды жарыя кылгандан кийин азырынча спортчумун, — деди ал өз сөзүндө.

Тыныбекованын кызыктуу маегин толугу менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин сайтынан окууга болот. Эскерте кетсек, бул балбан кыздын Токио Олимпиадасынан кийинки ЖМКга курган алгачкы маеги.