Азап-кайгы, бүдөмүк тагдыр. Афгандык качкындардын таасирдүү 14 сүрөтү

Sputnik

"Талибан"* кыймылынын бийликке капыстан жасаган кадамы көптөрдүн баш оорусу болду. Чочуп качкан эл аэропортту эле эмес, учактарды да камалоого алды. Жергиликтүү тургундардын көтөрүлүп бара жаткан ири аба кемелерине жабышып кошо учкан кадрлары дүйнөгө тарады.

Дүйнөнү дүрбөткөн талибдер кайдан чыгып, кимдердин жетегинде. Фактылар
Кайда качарын билбей үй-жайынан безген афганистандык балдар, өспүрүмдөр жана чоңдор чек арага жакын тилкеге да топтолду. Ар кыл маалыматтар боюнча, Афганистандан күнүгө 30 миңге чукул адам чыгып кетип жатат. Айрымдардын иши оңунан чыгып, коопсуз өлкөлөргө кете алышты. "Талибан"* өлкөдө тартип орнотууга, аялдардын укугун коргоого, ал тургай Афганистандын мурдагы жетекчилеринин артынан түшпөөгө убада берип жатат. Бирок башка өлкөлөр талибдерди таанууга шашылган жок, себеби ал убадалар аткарыларына ишеним бекем эмес.

"Талибан"* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде диний-экстремисттик уюм катары тыюу салынган кыймыл.

1 / 14
Афганистандагы режим алмашкандан кийин качкындардын саны кескин көбөйдү. Дарыны тамчылатма жолу менен алып бара жаткан афгандык киши.
2 / 14
Бириккен Улуттар Уюмунун расмий маалыматына караганда, акыркы эле айда өз өлкөсүнөн 550 миң афгандык качып чыккан. Бул көрсөткүч калктын 1,5 пайызын түзөт.
3 / 14
Испания жарандары менен афганистандыктар Кабулдагы аэропорттон коопсуз жайга учуп чыгуу үчүн аскердик аба кемесине түшүп жатышат
4 / 14
Качкындар Кабулдан учуп келгенден кийин Испаниянын Торрехон шаарындагы аба базасында COVID-19га тест тапшырып жатат
5 / 14
Кайда качарын билбей, үй-жайынан безген афганистандык балдар, өспүрүмдөр жана чоңдор чек арага жакын тилкеге топтолду
6 / 14
Пакистандык армиянын аскерлери көзөмөл-өткөрүү жайынын жанында топтолгон эл менен сүйлөшүп жатышат
7 / 14
Ар кыл маалыматтарга караганда, Афганистандан күнүгө 30 миңге чукул адам чыгып кетүүдө
8 / 14
Айрымдардын иши оңунан чыгып, коопсуз өлкөлөргө качып кете алышты
9 / 14
Бул жигиттин андан аркы тагдыры бүдөмүк. Афгандардын көпчүлүгү Иран менен Пакистан качкындар үчүн уюштурган чатыр лагерине барып жатышат.
10 / 14
Чоочун, бирок курал атылбаган жерде бейкапар уктап жаткан бөбөк. Түркиянын Татван айылына келген афганистандык мигрант.
11 / 14
Жакынкы Чыгышта качкындарды кучак жайып тосуп алышпайт, себеби аларда өздөрүнүн ички көйгөйү толтура
12 / 14
"Талибан" өлкөдө тартип орнотууга, аялдардын укугун коргоого, ал тургай Афганистандын мурдагы жетекчилеринин артынан түшпөөгө убада берип жатат. Бирок башка өлкөлөр талибдерди таанууга шашылган жок, себеби ал убадалар аткарыларына ишеним бекем эмес.
13 / 14
Качкындарды салган немецтик аскер учагы Ташкенттин аба майданына конду
14 / 14
Афганистандан эвакуациялангандар Руасси-Шарль-де-Голль (Франция) аба майданына келип түшкөн учур