Жоон ичеги рагына кабылуу тобокелчилигин арттырган суусундуктар тизмектелди

Медик ичеги үчүн кооптуу суусундуктардын катарын курамында кумшекери көп компоттор да толуктай турганын эскерткен.
Sputnik

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Сок, газдалган суусундук, энергетиктер жоон ичегинин ракка кабылуу тобокелчилигин эки эсе жогорулатышы ыктымал. Бул тууралуу онколог Елена Смирнованын айтымына таянып РИА Новости жазды.

Ага ылайык, онколог Вашингтондогу университеттин дарыгерлеринин изилдөөсүн карап чыккан. Алардын 14 жылдык экспериментине 95 миң аял катышкан. Жашы өтүп калгандарынын жоон ичегисинен рак болгон учур эки эсе көп катталган. Алар күнүнө таттуу суудан жарым литрден көп ичишкен. Ал эми өспүрүмдөр арасында тобокелчилик андан азыраак экени аныкталган.

"Ичегиде бактериянын коркунучтуу штаммдарынын чоңоюшу, ашыкча салмак жана ичеги кабыгынын сезгениши оорунун келип чыгышына себеп болушу ыктымал", — деди онколог.

Медик ичеги үчүн кооптуу суусундуктардын катарын курамында кумшекери көп компоттор да толуктай турганын эскерткен.