Суусамырда автокырсыктан көз жумган 8 кишинин ким экени аныкталды. Тизме

Үрөй учурган жол кырсыктан каза тапкандар Токтогул районундагы Үч-Терек, Өзгөрүш жана Терек-Сай айылдарынын жашоочулары болуп чыкты.
Sputnik

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Кечээ Бишкек — Ош жолунда, тагыраагы, Суусамыр өрөөнүндөгү автокырсыктан каза болгон 9 кишинин баары Токтогул районунун тургундары экени жана алардын ким экени аныкталды. Бул туурасында Чүй облусунун Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыктын маалымат кызматынан кабарлашты.

Милициядан алардын Бишкектен Токтогулду көздөй такси менен бара жаткандыктарын кошумчалашты. 

  • Айдоочу, 38 жашта, Өзгөрүш айылынын тургуну;
  • 56 жаштагы жүргүнчү аял, Үч-Терек айылынын тургуну;
  • 53 жаштагы жүргүнчү аял, Өзгөрүш айылынын тургуну;
  • 65 жаштагы жүргүнчү аял, Өзгөрүш айылынын тургуну;
  • 43 жаштагы жүргүнчү аял, Өзгөрүш айылынын тургуну;
  • 70 жаштагы жүргүнчү аял, Өзгөрүш айылынын тургуну;
  • 18 жаштагы жүргүнчү кыз, Терек-Сай айылынын тургуну;
  • 1 жашар кыз, Өзгөрүш айылынын тургунунун кызы;

Ал эми тогузунчу адамдын ким экени азырынча белгисиз болуп жатат.

Эске салсак, кечээ, 23-августта, Бишкек — Ош жолунда Honda Stepwgn менен Volvo үлгүлөрүндөгү унаалар кагышып, андан алты аял, эки эркек жана бир жашар кыз көз жумган.