Жаан жаап, катуу шамал болот. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

Маалыматта батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетери белгиленет.
Sputnik

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Бишкек шаары менен Чүй облусунда күндүн экинчи жарымында нөшөрлүү жаан жаап, катуу шамал болорун айтып, ӨКМ шашылыш билдирүү таратты.

Маалыматта батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетери белгиленет.

ӨКМ жарандарды сак болууга чакырды.