Радио

Абдраев: салык мыйзамдары жөнөкөй жазылышы абзел

Кыргызстандын банктар союзунун төрагасы, экономика илимдеринин кандидаты, доцент Анвар Абдраев салык мыйзамдары ар бир жаранга жеткиликтүү жазылышы зарылдыгын айтты.
Sputnik

Салык боюнча мыйзамдар даярдалып жатканда жумушчу топтогу кээ бир эксперттер атайын татаалдаштырып жазышат. Андай түшүнүксүз тексттерде салык төлөөчүгө ыңгайсыз бир учурлар көз жаздымда калат. Бул тууралуу Анвар Абдраев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Абдраев: салык мыйзамдары жөнөкөй жазылышы абзел

Анын айтымында, салык төлөөчүлөр өздөрү мамлекетке берип жаткан каражат кайсы жакка эмне максатта жумшаларын билип турууга укуктуу.

"Азыр салык мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилип жатат. Жыйынтыгында кандай жазылганын көрөбүз. Негизи салык мыйзамдары абдан жөнөкөй, жатык тилде жазылышы шарт. Аны үйдө отурган ар бир кожойке бир окуп эле түшүнүп ала турган тилде болгону жакшы. Төлөп жаткан салыгы кайда кетип жатканын ар бир адам билип турушу керек. Айрым учурларда мыйзам жазган жумушчу топтор атайын татаалдаштырып жазышат. Максаттары ушундай, түшүнүксүз тексттерге салык төлөөчүгө ыңгайсыз болгон бир учурларды кошуп кетүү. Мындай болбошу керек", — деди Абдраев.

Экономист салык мыйзамдары өзгөргөндө бир эле өлкө казынасына эмес, салык төлөөчүгө да жеңилдик боло турган шарттар эске алынышы зарылдыгын кошумчалады.