Тартип болбосо өлкө өнүкпөйт! Жапаров милициянын алдына бир нече милдет койду

Жапаров бүгүн, 24-августта, өлкөнүн Ички иштер министрлигинин коллегиясына катышты. Анда үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ыкчам иштердин жыйынтыгы чыгарылган.
Sputnik

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров ички иштер органдарынын алдына бир катар милдеттерди койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдирди.

Жапаров бүгүн, 24-августта, өлкөнүн Ички иштер министрлигинин коллегиясына катышты. Анда үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ыкчам иштердин жыйынтыгы чыгарылды.

Президент өлкөдө тынчтык жана тартип өкүм сүрмөйүн өлкө жетекчилиги тарабынан жасалып жаткан реформаларды, сунушталган экономикалык программаларды толук кандуу ишке ашыруу мүмкүн эместигин айтты.

"Милициянын иштеп жатканын катардагы жөнөкөй жарандан тартып өлкө жетекчилигине чейин сезиши керек. Коюлган талаптардын аткарылышын камсыз кылууну мен министрликтин жетекчилигинен талап кылам жана жеке өзүмдүн көзөмөлүмө алам", — деди Жапаров.

Ошондой эле ал ички иштер органдарынан төмөнкү багыттагы иштерди жүргүзүүнү талап кылды:

  • профилактика иштерин күчөтүү, калкка заманбап сервистик тейлөөнү калыптандыруу менен милицияга болгон ишенимди арттыруу;
  • жарандарыбыз менен тыгыз байланышта болуп, алардын арыз-муңдарын кунт коюп угуп, ар тараптуу жана толук чечүү;
  • кылмыштуулукка каршы күрөшүү алкагында эл аралык террористтик жана экстремисттик уюмдар тарабынан мүмкүн болгон коркунучтарды алдын алуу иштерине өзгөчө көңүл буруу менен иш-чараларын күчөтүү;
  • антка бекем турган, жогорку моралдык сапатка ээ кесипкөй кадрларды даярдоо менен милициянын жаңы образын коомго тартуулоо ишмердигин уюштуруу.