Ошко Өзбекстандын ишкерлери келди. Сүрөт

25-августка чейин Өзбекстандын бизнести өнүктүрүү ассоциациясынын өкүлдөрү Ош шаарындагы ишкерлер менен биргеликте бир катар иш-чараларды өткөрүшөт.
Sputnik

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Бүгүн, 24-август күнү, Ош шаарына Мухтар Умаров баштаган Өзбекстандын бизнести өнүктүрүү ассоциациясынын өкүлдөрү келишти. Аларды шаар башчысынын милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов кабыл алганын мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Анда депутаттар, жеке ишкерлер, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү болуп 20га жакын делегат келген. Жолугушууда Мамбетов ишкерлерге шарт түзүп берүүгө жана кызматташууга Ош шаарынын мэриясы ар дайым кызыкдар экендигин билдирди.

"Бүгүнкү болуп жаткан иш-чара кагаз жүзүндө калбашы керек. Бири-бирибиз менен туруктуу кызматташып, эки мамлекеттин экономикалык багытын жогорулатууга салым кошолу. Реалдуу кадамдарга барып, долбоорлорду ишке ашыралы", — деген Мамбетов.

Белгилей кетсек, аталган иш-чара президенттин инвестиция тартуу боюнча тапшырмасынын алкагында жүрүп жатат. 25-августка чейин Өзбекстандын бизнести өнүктүрүү ассоциациясынын өкүлдөрү Ош шаарындагы ишкерлер менен биргеликте бир катар иш-чараларды өткөрүшөт.