Кыргызстанда COVID менен күрөшүү боюнча үч жылдык программа иштелип чыгат

Жумушчу топтун курамына мамлекеттик органдардын өкүлдөрү гана эмес, бейөкмөт жана эл аралык уюмдардын көз карандысыз эксперттери да кирет.
Sputnik

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова 2021-2023-жылдарга карата COVID-19 менен күрөшүү программасын иштеп чыгуу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттөн билдирди.

Жыйында эпидемиологиялык абал жана өлкө аймагындагы коронавирустук инфекцияны жоюу боюнча узак мөөнөттүү иш-чаралар планы талкууланган.

"Бакашова 2021-2023-жылдарга COVID-19 менен күрөшүү боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгууну сунуштады. Ошондой эле ведомстволор аралык жумушчу топ түзүүнү тапшырды. Ал топ программанын долбоорун жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын өкмөткө сунуштайт", — деп айтылат маалыматта.

Жумушчу топтун курамына мамлекеттик органдардын өкүлдөрү эле эмес, бейөкмөт жана эл аралык уюмдардын көз карандысыз эксперттери да кирмекчи.