Кыргызстанда мүлкүн жана ден соолугун камсыздандыргандар көбөйдү

1-июлга карата компания тарабынан 129 миң камсыздандыруу келишими түзүлдү. Бул өткөн жылдын тиешелүү мезгилине караганда 1,9 эсеге көп.
Sputnik

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. 2021-жылдын биринчи жарымында республикада 14 камсыздандыруу компаниясы ишмердигин жүргүздү. Алардын кирешелери былтыркы жылдын ушул учуруна салыштырмалуу 1,6 эсеге өсүп, 0,9 миллиард сомду түзгөнүн Улуттук статистика комитети маалымдады.

"1-июлга карата компаниялар тарабынан 129 миң камсыздандыруу келишими түзүлдү. Бул өткөн жылдын тиешелүү мезгилине караганда 1,9 эсеге көп. Түзүлгөн келишимдердин 90 пайыздан ашыгы жеке жактарга туура келди", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле жыл башынан бери түзүлгөн келишимдердин 75 пайызы ыктыярдуу камсыздандыруу экени кошумчаланды. Кыргызстандыктар арасында жоопкерчиликти жана мүлктү камсыздандыргандар көбөйө баштаганы айтылат.

Мындан тышкары, жылдын башынан тарта 4 миңден ашык киши өзүн медициналык жактан камсыздандырган. Алардын ичинен 68 пайызы бул кадамга өз ыктыяры менен барган.