БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы "Үч улуттун кубогу" жолдоштук мелдешине карата машыгуусун баштады. Бул тууралуу Кыргызстандын футболдук союзунун маалымат кызматы билдирди.
Даярдык көрүү жыйындары Кант шаарына пландалган. Кечээ алгачкы командалык машыгуу өттү. Анда жергиликтүү клубдардан тандалган оюнчулар гана катышты. Ал эми чет өлкөлүк командаларда ойноп жаткан футболчулар 31-августта келишет.
Оюндар 2-7-сентябрь күндөрү Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өтөт. Ага Кыргызстан, Палестина жана Бангладеш курама командалары катышат.
Бул жолдоштук турнир улуттук курама команданын Азия кубогу-2023 чемпионатынын тандап алуу оюндарына карата даярдыктын алкагында өтөт.