Кыргызстанда ар бир автоунаа каттоо же кайра каттоодо сүрөткө тартып алынат

Министрликтин маалыматына караганда, мамлекеттик каттоо эрежелери боюнча нормага өзгөртүүлөр киргизилген. Ага ылайык, фотофиксация милдеттүү процедура болуп калды.
Sputnik

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. "Унаа" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери мындан ары автоунааларды каттоодо жана кайра каттоодо машинаны сүрөткө тартып алат. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Коррупцияга жол бербеңиз! "Унаа" ишканасынын кызмат акылары
Мындай өзгөртүүлөр транспорттук каражатты каттоо жана кайра каттоо жөнүндөгү эрежелерге киргизилген. Машинанын сүрөтү жана текшерүү акты электрондук базага киргизилет.

Министрликтен билдиргендей, базага сүрөт менен актыдан сырткары кузовдун номерлери, автоунаанын жайгашкан жеринин координаттары жана текшерилген күндүн датасы киргизилет.

Милдеттүү фотофиксация автоунааны жол-жоболоштуруу учурунда текшербестен каттоо же кайра каттоо фактыларын жоюуга жардам берери айтылды.