Өткөн суткада 199 кишиден коронавирус табылып, 5 бейтап каза болду

Азыркы тапта ооруканаларда 1 266, ал эми амбулатордук шартта 2 010 адам дарыланып жатканы маалым болду.
Sputnik

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Бир сутка ичинде коронавирус 199 адамдан аныкталып, 444 бейтап сакайды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 96;
  • Ош шаары – 4;
  • Чүй облусу – 45;
  • Ош облусу – 1;
  • Талас облусу – 5;
  • Нарын облусу – 9;
  • Ысык-Көл облусу – 29;
  • Жалал-Абад облусу – 2;
  • Баткен облусу – 8.

Ушуну менен өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 174 347ге жетти. Анын ичинен 167 146 адам ооруну жеңди.

Тилекке каршы, кечээтен бери коронавирус беш адамдын өмүрүн алып, өлүм учурларынын саны 2 494кө жетти.

Азыркы тапта стационарда 1 266, ал эми амбулатордук түрдө 2 010 адам дарыланып жатат.