Радио

Талантбеков: терезе, эшиктин жасалгасын "банжара" деп колдонсо болот

Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосунда кездешкен көөнө сөздөрдүн бирин чечмелеп берди.
Sputnik

Терезе же эшиктин кооздолуп жасалган кашегин "банжара" деп колдонсо болот. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.

Талантбеков: терезе, эшиктин жасалгасын "банжара" деп колдонсо болот

Анын айтымында, бул сөздү бир нече мааниде пайдаланууга болот.

Талантбеков: терезе, эшиктин жасалгасын "банжара" деп колдонсо болот
"Эпостун саптарында "банжара" деген көөнө сөз кездешет. Ал эшик, терезенин кашектеринин тегерегине коюлуучу жыгачтан же металлдан оюу же башка формада жасалган кооздуктарды түшүндүрөт. Дагы бир маанисинде чарпая жана башка тамак ичкен атайын жайдын туш тарабынан тосулуп коюлган торду билдирет. "Манаста" "банжарасы артылып, ар кызыгы айтылып" деген саптар бар", — деди Талантбеков.

Манасчы көөнө сөздөрдү күнүмдүк турмушта пайдалануу керектигин кошумчалады.