Кандай тиркемелер смартфондун эс-тутумун ээлеп алат. Адистин түшүндүрмөсү

Адис чөнтөк телефонду кантип тазалаш керектигин ырааты менен тизмектеп, айтып берди.
Sputnik

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Кандай тиркемелер телефондун эс-тутумун "жеп кетерин" "Прайм" агенттигине Россиядагы Санарип борборунун аналитик-изилдөөчүсү Эльвина Гильфанова айтып берди.

"Мобилдик тиркеменин функциялары канча көп болсо, телефондон ошончолук арбын орунду ээлейт. Маселен, Яндекс.Go тиркемесинин программасында такси чакыруу, буюртманы жеткирүү сыяктуу "милдеттер" бир топ орунду алат", — деген адис.

Аны менен катар эле мессенжерлер, музыкалык сервис жана файлдардын топтому да байкалбаган менен эсти ээлеп коёрун кошумчалады.

Окумуштуулар: гаджеттен көзүн албаган бала күнүнө бир саат кыймылда болушу керек
Гильфанованын айтымында, мессенжер менен браузерлерде тиркеменин ички тескөөлөрү менен эс-тутумду пайдаланууну жөндөй турган мүмкүнчүлүктөр бар. Бош орундун көлөмүн көбөйтүш үчүн медиафайлдар менен кэшти тазалаш керек. Смартфондун эсин дал ушулар "жеп" турат.

Чөнтөк телефонду опциялардын жардамы менен "жеңилдетсе" болот. Маселен, Apple аппараттарында Delete application деп аталган функцияны колдонсо маалыматтар жоголбойт.

"Тиркемени кайра жүктөө ал App Store системасында дагы деле жеткиликтүү болгон шартта маалыматтарды жок кылып салбай, кайтарып берет", — деди Гильфанова.

Android системасында эс тазалаган меню бардык телефондун тескөөлөрүндө жеткиликтүү. Анда "Настройки" бөлүмүнө кирип, андан "Приложения" бөлүмүнө өтүп, мындан соң гана көлөмүнө жараша бөлүштүрсө болот. Ал чоң программаларды көрсөтөт. Эс-тутумдун жүгүн азайтыш үчүн "кэшти тазалоо" же "маалыматтарды тазалоо" деген жерди басыш керек.