Данияда футбол калысы кокусунан ышкырып, маанилүү учурду токтотуп алды. Видео

Окуя Даниянын футбол боюнча биринчи лигасындагы "Веннсюссель" менен "Фредерисия" клубдарынын беттеши учурунда болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Футбол калысы чабуулчу дарбазачы менен жекеме-жеке чыккан учурда кокусунан ышкырып оюнду токтотуп алды. Окуя Даниянын футбол боюнча биринчи лигасындагы "Веннсюссель" менен "Фредерисия" клубдарынын беттешинде болгон.

​Оюндун жүрүшүндө фредерисиялыктардын чабуулчусу дарбазачы менен жекеме-жеке чыгып калган учурда башкы калыс кокусунан ышкырып алган. Мындан улам "Фредерисия" футболчуларынын голго бара жаткан чабуулу, болгондо да талаа ээлери "Веннсюссель" клубуна 1:0 эсебинде утулуп жатканда үзгүлтүккө учураган.

Күтүүсүз жерден ката кетирген арбитр эмоциясын жашыра албай, чөгөлөп отура калып, бетин жаап жерге жата калган. Окуядан соң беттеш калысы "Фредерисия" оюнчуларынан көп жолу кечирим сураган.

Бирок кийинчерээк коноктор бир гол киргизип, беттеш тең чыгуу менен аяктаган (1:1).