30 жылдан кийинки Украина: тандоодон тайыганда...

Киевдеги сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча басма сөз жыйынында жергиликтүү калкка Украина Батышты эми кызыктырбай турганын, бул Германия (башкача айтканда, ЕБ) жана АКШнын консенсустук позициясы экенин сылык түшүндүрүүгө убара тартты.
Sputnik

Бул – Киевдин евроинтеграцияга багытталган отуз жылдык туруктуу жана ырааттуу саясатынын жыйынтыгы.

Саясий жана насыялык көз карандылык: ЕБ менен биригүү Украинага эмне берди?
Жаңы шарттарга көнүп кетүү үчүн Украинага абдан көп каражат жана убакыт керектиги тууралуу Зеленскийдин билдирүүсүнө жооп иретинде Меркель акча келбестигин, колдоо болбостугун, транзитке кепилдик берилбестигин ачык эле түшүндүрдү. Украинага жашыл технологияларды киргизүү же киргизимиш болушу 2024-жылга чейин гана жүргүзүлөт. Андан ары Украина кантип жан багары эч кимди түйшөлтпөйт.

Россия менен согуш боюнча адаттагыдай Батышты шантаж кылуудан эми майнап чыкпайт. Кремль тараптан аскердик кооптуулук деп көрсөтүү аракетине канцлер Меркель Минск макулдашуусун аткарууга кеңеш берди.

Көз карандысыздык алгандан бери отуз жылдан кийин Батыш эбегейсиз жана кезегинде бай болгон Украинага караганда кымындай Молдованын жана Армениянын көйгөйлөрүнө кабатырланып турат. Кандайча мындай болуп калды? Украин бийлиги жана коому мындай жашоого кандайча кабылганын байкабай калышты.

Украиналыктарды кайдан табуу керек?

Маселе Украина мамлекетин түптөөгө салынган демилгенин туура эместигинде. Орус калкы басымдуулук (паспорт боюнча эмес тил жана маданият боюнча) кылган өлкөдө ошондой эле орус бийлиги капыстан эле этнократиялык украиналык державаны курууга белсенишкен.

Баягы эле ката. Украинада бийлик эмне үчүн туруктуулукту камсыз кыла алган жок?
Ага негиз катары ХХ кылымдын биринчи жарымында эле кыйраган украин улутчулдарынын идеологиялык иштери алынган. Украиналык саясатчылар австралиялык чалгындоочулардын 1914-1918-жылдарга жана 1933-45-жылдар аралыгындагы Улуугерман рейхинин Империялык коопсуздук кызматынын эмгектерин көтөрүп чыгып, ошол чабал пайдубалда "улут жаратууга" белсенишкен.

Ишенимдүүлүк үчүн консультант катары украиналык эмиграциянын өкүлдөрү, тагыраагы, Австрия-Венгрия монархиясынын тушунда эле Канадага иштеп кеткендердин, ошондой эле Экинчи дүйнөлүк согуш убагында гитлердик режим менен кызматташып, кийин АКШ жана Улуу Британияга качкан коллаборационисттердин тукумдары бул ишке тартылган. Алар Украинаны орус тарыхынын бөлүгү катары кабылдай албайт, "украиналык тарыхый миф" чыгарып, анын негизинде украиналык улутту жараткылары келген.

Совет убагындагы маалыматтар боюнча Украинада СССР ыдыраган маалда 51,5 миллион киши болгон, алардын 70%ы этникалык украиналыктар деп эсептелген. Чындыгында украин деп жазылгандардын көпчүлүгү орустар эле.

Украинанын алгачкы эки президенти Кравчук жана Кучма: "Украинаны жараттык, эми украиналыктарды жаратуубуз керек!" - деп кайталаганды жактырышар эле. Башкача айтканда, иш жүзүндө украиналык мамлекет түзүлүп жаткан украин улуту али жоктугун моюнга алышкан.

Тил маселеси

Постсоветтик мейкиндикке сабак болчу украиналык тажрыйба
90-жылдары – Россия али стратегиялык өнөктөш болуп турганда орусчаны колдонуу чөйрөсүн чектөөнүн жана украин тилине жалгыз мамлекеттик макамын берүүнү жактагандар мамлекеттик колдоосуз украин тили жок болот деген жүйөнү келтиришкен. Бул чындык эле. УССРде украин тили кандайдыр бир деңгээлде колдоого алынып, мамлекет тарабынан өрчүтүлгөн. Украин мектептери, орусча мектептерде украин тили жана адабияты милдеттүү түрдө окутулган. Анткен менен калктын басымдуу бөлүгү орусча ой жүгүртүп, орусча сүйлөгөн. Эгер алар мамлекетти жарандык принциби боюнча куруудан башташса, аларга орус тили жолтоо болмок эмес.

Өлкө ажырым, тирештерге жеткирбей, болгон күчтү экономиканы өнүктүрүүгө жумшай алмак. Анын ордуна мамлекеттик ресурстун чоң бөлүгү жасалма украиндештирүүгө, орустун баары менен күрөш, өзүнүн жеке союздашы жана стратегиялык өнөктөшү болгон Россиядан оолактоого короткон. Мындай форматта улутчулдар өлкөдөгү бийликти олигархаттарга өткөрүп берүүгө кызыкдар болушкан.

Улутчулдардын өздөрү сан жагынан да чабал уюшулуп, бирок олигархатка зарыл, башкача айтканда, украин улутун Россиядан коргоо катары украиналык мамлекеттүүлүккө негизделген демилгелерге ээ болушкан.

Анын ордуна саясий жана экономикалык бийликти өз колуна топтогон олигархат коомдо улуттук демилгелерди илгерилетүүнү, ошондой эле билим берүү, илим, искусство, адабият, маалымат каражаттары жана башка гуманитардык чөйрө, тышкы саясатты көзөмөлдөөнү улутчулдарга өткөрүүнү камсыздап берген.

Мындай мамлекет калктын басымдуу бөлүгүнүн кызыкчылыгына, өз экономикасынын керектөөлөрүнө каршы келген. Ал колдогу ресурсту түгөтүүнүн эсебинен гана жашайт. Ресурстук базанын кыскарышы менен ар кандай олигархтар тобу жана алардын саясаттагы өкүлдөрүнүн ортосундагы карама-каршылык күчөй берген.

Коом каймактарынын ажырымы өлкөнү да ушундай абалга кептеген. Анткени тирешкен ички топтордун күчү бирдей эле. Тышкы күчтөрдү украиналык ички саясатка тартуудан кутула албас эле.

Украинанын негизги көйгөйү украиналык улуттук долбоор демилгесинде. Отуз жыл аралыгында илдет ырбап отуруп, организмди жабыркатып бүтүргөн, сакаюуга үмүт жок. Колдон чыгарылган бейишти кантип кайтаруу керектигине баш катыруу кажетсиз. Мындан ары эмне болорун ойлонуу зарыл.

Автордун пикири редакциянын көз карашын туюндурбайт.