Мирзиёев конок болду. Жапаров Афганистан боюнча абалды талкуулады

Кыргызстандын мамлекет жетекчиси түзүлгөн кырдаалда биргелешип аракет кылуу, өз ара кызматташууну тереңдетүү зарылдыгын белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-августта, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин видеоконференция форматында өткөн кезексиз отурумуна катышты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Иш-чара Россия тараптын демилгеси менен уюштурулган.

Кезексиз отурумга Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев конок катары катышты.

Афганистандагы кырдаалдан улам Кыргызстанда ЖККУнун машыгуусу өтөт
Тараптар Афганистандагы кырдаал жана анын ЖККУ мамлекеттеринин коопсуздугуна тийгизген таасири тууралуу пикир алмашышты.

Президент Жапаров кырдаалдын терс жакка өрчүп кетпеши, коопсуздук чакырыктарына жана коркунучтарга өз убагында адекваттуу жооп берүү үчүн биргелешип аракет кылуу, өз ара кызматташууну тереңдетүү, жамааттык чараларды бириктирүү зарылдыгын белгиледи.