Жалал-Абадда Оpen space форматында иштеген калкты тейлөө борбору ачылды

Өзгөчө тартипте иш алып барган борбордо жетекчинин жана кызматкерлердин жумуш орундары жалпы залда жайгашкан.
Sputnik

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Жалал-Абадда жаңы форматтагы калкты тейлөө борбору (КТБ) иштей баштады. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Бул КТБ шаардагы эң чоң борборлордун катарын толуктады. Анын аянты 700 чарчы метрди түзүп, айына 40 миңден ашуун жаранды тейлей алат.

"Калкты тейлөө борбору Оpen space форматында иш алып барат. Жетекчинин жана кызматкерлердин жумуш орундары жалпы залда жайгашкан. Имарат кеп-кеңеш берүү, күтүү жана документтерди кабыл алуу залына бөлүнгөн. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн дагы шарттар каралган. Электрондук кезек күтүү орнотулуп, ишти видеокамералар көзөмөлдөйт", — деп айтылат маалыматта.

Мындай түзүлгөн шарт документ алуу процессин жөнөкөйлөтөрү белгиленди.