БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Кыргызстандын кээ бир аймактарында сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.
"24-25-августта нөшөрлөп жааган жаандан улам Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү кооптуулугу бар", — деп айтылат маалыматта.
Бир жумага карата аба ырайынын божомолу менен таанышыңыздар.