Жылдын нокаутуна талапкер. Бахамондестин атаандашын чимириле тепкен видеосу

Беттеш чилилик мушкердин жеңиши менен аяктады. Ал таймаштын аяктаарына сегиз секунда калганда атаандашын чимирилип тээп, эстен тандырды.
Sputnik

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Чилилик мушкер Игнасио Бахамондес UFC уюмунун Лас-Вегас шаарында өткөн мелдешинде атаандашын сулата тээп, "Жылдын нокауту" сыйлыгына талапкер болду. Бул тууралуу MMA Mania порталы жазып чыкты.

​Керемет нокаут менен аяктаган беттеш UFC Vegas 34 мелдешинде болду. Промоушендин жеңил салмак дивизионунда ат салышкан Бахамондес октагондо америкалык Рузвельт Робертс менен кез келген.

Чилилик атлет үч раунддук таймаштын жүрүшүндө бети айрылып, атаандашына жеңилип бараткан. Бирок беттештин бүтөрүнө сегиз секунда калганда ал америкалыкты башка чимирилип тээп нокаутка кетирген.

Бахамондес өзүнүн бул соккусу менен "Жылдын нокауту" наамына талапкер болду. UFC лигасынын жетекчилиги да муну эске алып, кеченин беттеши деп ага 50 миң доллар бонус берген.