Олимпиадалык команданы сыйлоого 59 миллион сом бөлүндү

Бул жолку Олимпиада өлкө тарыхындагы эң ийгиликтүүсү болду. Ата мекендик спортчулар үч медаль алышты. Анын экөө күмүш.
Sputnik

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Олимпиадачыларга, машыктыруучуларга, мугалимдерге жана медперсоналга жалпы жонунан 58 миллион 750 миң сом берилди.

Бүгүн, 23-августта, Токиодо өткөн XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын катышуучуларына мамлекеттик сыйлык тапшыруу аземи өттү.

Айпери, Жоламан бар. Акчалай сыйлык алган спортчу, машыктыруучу, дарыгерлер
Спортчулардын ичинен эң чоң премия Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудовго 10 миллион сомдон берилди (экөө тең күмүш медаль алган). Коло медаль ээси Мээрим Жуманазарова 7 миллион сом, кыздар күрөшү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков 8 миллион 150 миң сом алды.

Эске салсак, Олимпиада алдында Кыргызстандын өкмөтү алтын медаль алгандарга 10 миллион, күмүш алгандарга 7 миллион, коло алгандарга 5 миллион берилерин кабарлаган.

Спортчулар менен курама команданын мүчөлөрү акчадан сырткары орден, медаль, унаа жана грамоталар менен сыйланышты.