Кумдагы футбол: Дене тарбия жана спорт академиясынын командасы чемпион болду

Мелдешке республиканын аймактарынан келген сегиз команда катышып, эки тайпада ат салышты. Чечүүчү оюнда былтыркы финалисттер кезикти.
Sputnik

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Бишкектеги Дене тарбия жана спорт академиясынын командасы (КГАФКиС) кум үстүндөгү фубол боюнча Кыргызстандын ачык кубогу мелдешинин чемпиону болду. Бул тууралуу өлкөнүн Футзал ассоциациясынан кабарлады. 

Башкы машыктыруучу Рысбек Шекербековдун шакирттери финалда өткөн жылдагы чемпион "Жети-Өгүз" командасын 7:5 эсебинде утуп алды.

Ал эми "Теңир-Тоо" үчүнчү орун үчүн беттеште "Тосор" командасын 7:3 эсебинде утуп, мелдештин коло байгесине татыды.

Турнирге республиканын аймактарынан келген сегиз команда катышып, эки тайпада ат салышты.

Эскерте кетсек, өткөн жылы да аталган мелдеште дал ушул эки команда финалга чыгып, анда "Жети-Өгүз" командасы 5:3 эсебинде утуп, чемпион болгон эле