Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү завод Түркиянын акчасына курулат

Бүгүн муниципалитеттин жетекчисинин милдетин аткаруучу, инвестиция министри жана чет элдик уюмдун башчысы борбор калаанын аймагындагы долбоорду ишке ашыруу ниетин көздөгөн документке кол койду.
Sputnik

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Түркиялык компания Бишкектеги таштандыны кайра иштетүүчү заводдун курулушун каржылоого даяр. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлады.

Бишкекте бүгүн, 23-августта, заводдун курулушу жана долбоорлоо боюнча меморандумга кол коюлду. Бул иш-чарага мэрдин милдетин аткаруучу Айбек Жунушалиев, инвестиция министри Алмамбет Шыкмаматов жана түркиялык Biotrend Energy компаниясынын директору Илхан Доган катышты.

Балыкчыда таштандыны иргөөчү ишкана ишке берилди. Сүрөт
Маалыматта документке кол коюлгандан кийин компания заводдун курулушунун долбоорун сунуштап жана техникалык-экономикалык негиздемени даярдоого милдеттүү экени айтылды. Мындан сырткары, аталган тарап долбоорду каржылайт, анын ичине долбоорлоо, курулуш жана пайдаланууга берүү иштери камтылат.

Мэрия жана министрлик өзүнүн компетенциясына жараша жана мыйзамдардын алкагында көмөктөшмөкчү.

Муниципалитеттен Түркиялык компания өлкө боюнча катуу таштандыларды иштетүү боюнча комплекстүү кызмат көрсөтүүлөргө, электр энергия өндүрүүгө жана жылуулукту иштеп чыгууга каражат саларын билдирди.