Баткенде кыргыз-тажик чек арачылары жолугушуп, азыркы абалды талкуулашты

Чек арачылар эки элдин ортосунда чырды болтурбоо үчүн аймактын тургундарынын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.
Sputnik

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Баткендин Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагындагы Эки-Таш участкасында тажик жарандары кыргыздардын унаасын ташка алган окуя боюнча эки тараптын Чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугушту. Бул тууралуу УКМКнын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Тараптар кечээ, 22-августта, Баткен районундагы Төрт-Көчө (мурдагы Жака-Өрүк) аймагында жолугушкан.

Анда Эки-Таш участкасында кыргыз жарандарынын автоунаасын тажиктердин ташка алганы жана тажик тараптын "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайдын бет маңдайында жер казуу иштерин жүргүзүп жатканы талкууга коюлган.

"Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн кызмат өтөө учурунда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары тарабынан кошумча чаралардын комплексин аткаруу чечими кабыл алынды. Мындан тышкары, эки тараптын укук коргоо органдарына кыргыз жарандарынын унааларына таш ыргытуу фактысы боюнча иликтөө жүргүзүүгө жардам көрсөтүлөт. Чек арачылар эки элдин ортосунда чыр чыгып кетүүсүнүн алдын алуу үчүн чек ара аймагынын тургундары арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайына жакын жерде тажик тараптын жер казуу иштери да токтотулган.

Учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу деп сыпатталууда.