Жапаров Айсулуу менен Акжолго Манас орденин ыйгарып, унаа жана 10 млн. сом берди

Буга чейин президент Садыр Жапаров Токио Олимпиадасынан байгелүү кайткан спортчуларга өзүнүн атынан белек камдап жатканын билдирген.
Sputnik

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова менен грек-рим күрөшүнүн балбаны Акжол Махмудов II даражадагы Манас ордени менен сыйланып, 10 миллион сомдук акчалай сыйлык алды. Мындан сырткары, Toyota RAF 4 унаа белекке берилди. 

Жапаров Айсулуу менен Акжолго Манас орденин ыйгарып, унаа жана 10 млн. сом берди

Өз кезегинде Айсулуу Тыныбекова президенттин колдоосуна ыраазычылык берилип, 2024-жылы Парижде өтүүчү Олимпиада оюндарына катышарын айтты.

Айсулуу Тыныбекова президенттин сыйлоо аземине ата-энесин ээрчите келди. Сүрөт
Ушундай эле сыйлык менен грек-рим күрөшүнөн Олимпиаданын күмүш медалын уткан Акжол Махмудовго да берилди.

Азыркы тапта "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президенттин Олимпиаданын байге ээлерин сыйлоо аземи өтүп жатат.

Эске салсак, Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында Акжол Махмудов (грек-рим күрөшү) менен Айсулуу Тыныбекова (кыз-келиндер күрөшү) күмүш медаль утушкан. Ал эми Мээрим Жуманазарова (кыз-келиндер күрөшү) коло медаль алып байгелүү орунду ээлеген.