Афганистандан Катарга эвакуацияланган кыргызстандыктар Бишкекке келди

Кыргызстандын Афганистандагы элчилигинин жардамы менен 22-августта дагы бир кыргызстандык Кабулдан Алматы шаарына атайын рейс менен эвакуацияланган.
Sputnik

БИШКЕК, 23-авг. – Sputnik. Бүгүн, 23-августта, Афганистандан Катарга эвакуацияланган кыргызстандык 11 жаран Бишкекке алып келинди. Бул тууралуу ТИМ билдирди.

Маалыматка караганда, бул жарандар буга чейин Америка уюштурган учак менен Катарга жеткирилген. Бүгүн саат 04:40та Доха — Дубай — Бишкек каттамы менен мекенине келишкен.

"Элчилик жүргүзгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында жумуш берүүчүлөр авиабилет сатып беришти", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын Афганистандагы элчилигинин жардамы менен 22-августта дагы бир кыргызстандык Кабулдан Алматы шаарына атайын рейс менен эвакуацияланган. Саясий чыңалуу болуп турган өлкөнүн аймагындагы калган кыргызстандыктардын бардыгы КРдин дипөкүлчүлүгүндө экени, алар жакында мекенине эвакуацияланары белгиленди.