Адамдар тордо, арстандар сыртта. Коруктагы өзгөчө "аттракциондун" видеосу

Түштүк Африкадагы жаратылыш парктарынын биринде жапайы жаныбарларды жакшы көргөндөр жана жүрөгү тоо адамдар үчүн өзгөчө "аттракцион" ачылган.
Sputnik

Кызыктуу жана коркунучтуу көңүл ачуу жайынын видеосу Caters Clips YouTube каналына жарыяланган. New York Post басылмасы жазгандай, жырткычты жанынан көргүсү келген туристтер айнек жана темир менен тосулган тордун ичине киргизилет. Анын ичинде 14 жаштан жогорку курактагылар 45 мүнөт болушат.

Бул аралыкта туристтер жырткычтардын жанында болуп, аларды сүрөткө тартып алууга жетишет.

Жаратылыш паркынын жетекчиси Сюзанна Скоттун айтымында, тордун ичин инженер тез-тезден текшерип турат. Ал жырткычтар тордун ичин карап, анын үстүнө чыгып эс алганды жакшы көрөрүн белгилеген.