Бир суткада 16 747 адам коронавируска каршы вакцина алды

Жалпысынан эмдөөдөн өткөндөрдүн ичинен 634 671и биринчи дозаны, ал эми 352 400 адам экинчи дозаны сайдырганы айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Кечээтен бери өлкөдө 16 747 киши COVID-19га каршы эмделди. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Мурундан өпкөгө, андан ары мээге. COVID организмди кантип жабыркатат. Видео
Маалыматка караганда, бир суткада эмделгендердин ичинен 4 375 киши вакцинанын биринчи дозасын сайдырса, 12 372 адам экинчи дозасын алган.

Жалпысынан эмдөөдөн өткөндөрдүн ичинен 634 671и биринчи дозаны, ал эми 352 400 адам экинчи дозаны сайдырганы айтылды.

COVID-19га каршы вакцинациялоо боюнча улуттук пландын алкагында Кыргызстанда 3,4 миллион адамды эмдөө каралган. Жамааттык иммунитет жаралышы үчүн кеминде калктын 70 пайызы вакцина алышы зарыл. Бул 2,4 миллион адамды түзөт.