Узундугу 180 чакырым. Шулико Ысык-Көлдө сүзүп дүйнөлүк рекорд коюуга белсенди

Спортчу бүгүн саат 7:30да Каракол шаарынан старт берди. Ал төрт-беш күндө 180 чакырым аралыкты сүзүп өтөт.
Sputnik

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Владислав Шулико Ысык-Көлдү сүзүп өтүүгө белсенди. Бул туурасында президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Шулико 180 чакырым аралыкка сүзүп, дүйнөлүк рекорд жаратууга белсенди.

Жашагың келсе кайдан-жайдан болсо да күч табылат экен. Эркин Асрандиев менен маек
Ал бүгүн саат 7:30да Каракол шаарынан старт берген. Спортчу аба ырайынын өзгөрүшүн жана башка факторлорду эске алуу менен төрт-беш күндө марага жетүүнү максат кылууда. Анын коопсуздугун камсыздоо үчүн ӨКМдин кызматкерлери кайык менен коштоп жүрөт.

Шулико буга чейин башка өлкөнүн сууда сүзүүчүлөрүн жарышууга чакырган, бирок эч ким макул болгон эмес. Ошондой эле ал регламент боюнча катер же кемеге чыкса болорун, анысы кургакка чыкты деп саналбай турганын белгилеген.