Бул ирет конокто Нуриля Чолпонбаева болду. Мейманыбыз менен атасы, КРдин эмгек сиңирген юристи, юстициянын III класстагы кеңешчиси, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Мукар Чолпонбаевдин өмүрү жана саясий ишмердүүлүгү тууралуу кеп кылдык.
— Мукар Чолпонбаев дегенде көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерди тааныйбыз. Ал киши кыздарына кандай тарбия берди? Деги эле жашооңузда атаңыздын атын пайдаланып көрдүңүз беле?
— Атам тууралуу көп нерсе айтса болот. Биз үч кызбыз. Мен ортончусумун. Кыздардын баары эле атамдын эң жакшы көргөн кызы болчумун деп айтса керек. Бирок атама менин кебетем менен мүнөзүм окшош. Кээде адамдын көңүлү ооруп каларын карабай эле жакпаган нерсесин бетке айтып салган курч мүнөзү бар эле. Мен да ошол жагын тартып калыптырмын. Анын чынчыл, бетке айткан сапаты кээде ага жакшылык алып келсе, айрым учурда зыян тарттырчу. Атам алдыга максат койсо, эч бир тоскоолдукка карачу эмес. Кичине кезибизден эле чынчыл болууга тарбиялады. Анан кыргыз тилин, санжырасын билгиле дечү. Биздин алтынчы атабыз Көлдөгү жети акенин бири — Мойт аке. Мойт аке алдын ала билген касиетке ээ болгон. Атамда да ошол сапат бар эле.
Мектепти аяктаганда Бишкектеги Кыргыз-Россия Славян университетинин эл аралык мамилелер факультетинин бюджетине бир балл жетпей калды. Ага чейин республика боюнча олимпиадада орус тилинен 1-орунду алгам. Ага да карабай коюшканда атам жардамдашкан.
— Мукар Шалтакович сыртынан абдан жумшак адам көрүнчү эле. Мүнөзү кандай болчу?
— Атам жумшак эле болчу, бирок ал киши психолог эле. Адам менен сүйлөшүп жатып эле кишинин мүнөзүн, оюн билип койчу. Ошого жараша мамиле жасачу. Бирок жасалмалуулукту жактырчу эмес. Көк беттиги да бар болчу. Мен мектепте окуп жургөндө атам Көлдөн депутаттыкка талапкерлигин коюп калды. Акматбаевдер да койгон (Таберик Акматбаев — ред.) Ошондо мен "ата, Акматбаевдерге каршы чыкпай эле койбойлубу. Ал кишинин Көлдө таасирин билесиз" десем такыр укпай койгон. Мен аягына чейин каршы турдум. Анан шайлоодо атам экинчи келип калганда "аа кызым, бетке айтканың так эле мени тарткан турбайбы, ушунча тууган ичинен сен эле ачык айтыптырсың" деген.
— Үй-бүлөдө төрт бир тууган турбайсыздарбы?
— Атамдын экинчи үй-бүлөсүнөн да балдары бар. Алар менен тааныштырып, достук мамиледе болушубузду каалаган. Бирок ага жетпей калды. Жалпы жети бир тууганбыз. Ал үй-бүлөсүндө үч бала калды. Ал эми улуу эжем атамдын жолун жолдоп юрист. Азыр Балыкчыда турат. Мектепти жана университетти артыкчылык менен аяктаган. Менден кийинки сиңдимдин эки баласы бар. Бишкекте машыктыруучу болуп эмгектенет.
— Эми агайдын балалык чагы тууралуу сүйлөшөлү. Бир туугандарынын кучагында өткөн кызыктуу окуялары тууралуу да айтып берсе керек?
— Кээде эстеп калган сонун-сонун окуяларын айтып берчү. Атам өзү Көлдүн Орто-Өрүктү айылында туулган. Көп бир тууган. Атасы эрте каза болуп калып, чарба иштерине да кенедейинен аралашыптыр. Кичинесинен мергенчиликке чыкканды жактырып, өз колу менен капкан жасап, коён кармап келип бир туугандарын бакчу экен. Үйдө экинчиси болгону менен бир туугандарына абдан камкор эле. Билишимче, ошол кезде айылында мектеп жок, Ананьевого барып окуп келишчү. Жолдун алыстыгынан кээде бара албай да калышчу экен. Бирок бала кезинен эле колунан китеп түшпөптүр.
— Апаңыз менен студенттик кезинде таанышкан го...
— Экөө тең Улуттук университетте билим алышкан. Апам химия-биология, атам тарых жана юриспруденция факультетинде окуган. Мен ата-энемди романтик деп айта албайм. Эч качан атамдын апама гүл бергени же колун сураганы тууралуу уккан эмесмин. Болгону экөөнү Үсөн аяш атабыз жатаканадагы чогулушта тааныштырып, атам көрөр замат жактырып калганын билем. Апам Тоңдон болот. Экөө баш кошуп, ошол кездеги жаш бүлөлөрдөй эле батирден батирге көчүп, бир топ кыйынчылыктарды жеңишкен. Атам кичинесинен сугатта муздак суу кечип жүрүп бутуна суук тийгизген экен. Кийин батир алганда ремонтту да өзү жасаган. Ваннада кафель чаптап, кечке суу кечип жүрүп, оорусу күчөп подагра (муун оорусунун бир түрү — ред.) деген дартка чалдыкты. Ошол оору иммунитетин жеп койду. Кийин коронавирус жугузганда да дарыгерлер подагранын кесепетинен вирусту көтөрө албай калганын айтышты.
Ал киши өмүр бою эч жаны тынбай иштеди. Азыр үй-бүлөбүз менен бир жакка барганыбызды, жыргап эс алып өткөргөн күндөрдү деле эстей албайм.
— Мукар агай менен бирге апаңыз да ооруду эле. Азыр ал кишинин ден соолугу жакшыбы?
— Жакшы, рахмат! Пандемия башталганда апам менен атамды жакшы эле "үйдөн чыкпагыла" деп жатканбыз. Бирок атам акыркы жылдары адвокат болуп иштеп жүргөн. Кардарларынын соттук процессин кантип таштап коёт. Ал ортодо суракка катышып, күбөлөр менен да жолугуптур. Ошентип экөө тең коронавирус менен ооруп калды. Апам вирусту бир аз жеңил көтөрүп, басып жүрдү. Подаграсы кармаганда атамдын дене табы көтөрүлүп дароо жатып калчу. Мында болсо кусуп, жүрөгү кармап аябай жаман болуптур. Анан дароо эле ПЧР-тест тапшыртып, ооруканага жаткырдык. Атамдын абалы кескин оорлоп жандандыруу бөлүмүнө алып кетишти, апам ошону менен атамды көргөн жок. Биз болсо тамак-ашын ташып жүрдүк. Ал кезде транспорт жок, жолдор жабык, дары жетишсиз, болсо да кымбат болбодубу.
Апам арадан 10 күн өтүп эле үйгө чыгууга камданып калды. Бирок атам бир жакшы болот, кайра начарлап кетет. Дары-дармек, тамак-ашын ташып эле эмне кыларыбызды билбей отуруп калдык. Концентратор дешкен, аны тапкыча эле атам өзү дем ала албай ИВЛ аппаратына туташтырышыптыр. Аны да наркоз менен коюшат экен. ИВЛдин жаман жери бейтап бир орундан жылбай, жатып калат тура. Адам кыймылдабаса өпкө жабышып, вирустар күчөйт экен. Ошентип заматта эле атамдан айрылып калдык. Кийин Чыныбай Турсунбеков тууралуу окуп көрсөк, аныкы да атамдыкындай болуптур.
— Негизи ар бир кыйын эркектин артында күчтүү аял турат дейбиз го, апаңыз тууралуу да айтып бериңизчи?
— Апам сиз айткан сөзгө жүз пайыз дал келген аялзаты. Кыздарын да ушундай тарбиялады. Бизге дайыма "аял киши күйөөсүн жакшы карашы керек. Эркектин курсагы ток, кийими тыкан болсун. Жумуштан келгенде ал-абалын сурап тургула" дейт.
Атам мамлекеттик кызматкер болгондуктан беш ак көйнөгү болсо, баарын тең апабыз чыкыйтып крахмалга салып, таптаза илип турчу. Шымынын кырын чыгарып зыңкыйта үтүктөп, "күйөөңөрдүкүн ушинтип үтүктөйсүңөр" деп бизге да үйрөтчү.
— Ата үчүн кыз бала өзгөчө эмеспи...
— Үч кыздын ичинен эң тентеги мен болчумун. Ачуусу келгенде көзүн тостойтуп карап койсо эле ыйлагым келип кетчү. Үйгө коноктор келсе эле чыга калып, эл алдында ырдап же спектакль коюп калчумун. Бирок эч убакта тыйып, басынтчу эмес.
Кудайдын буйругу менен көп учурларда жанында болуп калдым. Акыркы жолу спикерликтен түшкөндө да мен сабактан келип чай даярдап жаткам. Анда биз резиденциянын дачасында турчубуз. Атам жардамчысы менен келип эле ага катуу-катуу көп сөздөрдү айтты. Атамды карасам, өңү купкуу. Мен кабатырланып "эмне болду?" деп ыйлап жиберсем, "кызым, мага айтпай эле баарын даярдап коюшуптур. Кээде ушинтип жаныңда жүргөн адамдар сатып койгон мезгил болот" деди. Атам оңой менен бирөөнү жамандачу эмес, бирок адамдар айрым учурда өз кызыкчылыгын көздөп коёрун айтчу. Негизи атаны жоготуп аларыңды эч качан ойлобойт экенсиң. Бир жылдан ашык убакыт өтсө да бир жакка кеткендей эле ишене албайм...
— Албетте, атанын ордун эч ким толтура албайт. Анан саясаттын жолу да абдан кыйын болот эмеспи. Ар кандай учурларга кабылат. Оор соккуларды ал киши кантип көтөрчү, ошол эле кыздарын турмушка узатканда кандай сезимде болду?
— Атам бизге "кыргыз кызы турмушка ак барат" деп койчу. Ошол сөзүн улай абдан түз жүрдүк. Улуу эжем 19 жашында эле турмушка чыккан. Болгондо да кудабыз атама жакшы тааныш экен. Ал эми менин кайненем менен атам университетте тайпалаш болчу. Алар да бири-бирин жакындан билишчү. Атам ошондо "сен мени бактылуу кылдың" деп сүйүнгөн. Бирок бир да жолу биздин турмушка кийлигишкен жок. Биз өмүрлүк жарыбызды өзүбүз тандадык. Кайын журтубуз атабыздын саясий ишмердигине эч качан сын-пикир айтып, бизди бозорткон жок. Дайым колдоду. Ал үчүн ыраазычылык билдирем. Анткени саясатта атамдын башына көп сыноолор келди. Бирде оппозицияда, бирде аянтта жүрдү. Мен аял катары оюмду эмоция менен дароо айтып салам. Атам сөздү аягына чейин угуп, ойлонуп туруп каршылашынын ар бир сөзүнө аргумент менен жооп берчү. Ал кишини УКМКнын абагына камашканда тамак да киргиздирбей коюшкан. "Буту ооруйт, жүн байпак берип жиберели" десек да болушкан жок. Эки-үч жумадан кийин ден соолугу абдан начарлап кеткенде чыгарышты. Ошондо адамга болгон ишеничи, ичиндеги оту да өчүп калган экен. Ал кезде кош бойлуу болчумун, абдан ыйлап жаман болгом. Кийин кайра эле калыбына келип, курч саясий пикирлерин билдире баштады. Анан соцтармактарга да жазды. Кыскасы, бул киши артка кайтчу эмес да (күлүп).
— Кандай өнөрлөрү бар эле?
— Жаш кезинде достору менен футбол ойночу экен. Бутунан улам футбол менен бильярддан четтеди. Бирок шахматты абдан сонун ойночу. Бизге да үйрөтөйүн деди, бирок үйрөнө алган жокпуз. Ырдаганда жалгыз эле "Нарындан жазган салам катты" жакшы көрүп, сонун ырдачу. Тамак жасаганга такыр жок эле. Бир жолу апам ооруканага жатып калганда картошка кууруйм деп туздун ордуна сода салып салганы эсимде.
— Акыркы кезде активдүүлүгүңүз байкалып, коомдук пикир жарата баштадыңыз. Келечекте саясатка барууга белсенип жатасызбы?
— Саясатчынын үй-бүлөсүндө төрөлгөн балдар саясаттан качат. Анткени абдан татаал жол. Канча нервди, ден соолукту жейт. Бүгүн сени мактап жүргөндөр эртең каргайт. Өтө ыплас. Бирок үйдөгү айтылган саясат тууралуу сөздөр баланын боюна сиңе берет экен. Биз ыктыярчылардын иши боюнча жарандык коом ачканбыз. Коомдогу балдар "ыктыярчылардын оюн эч ким укпай жатат. Арабыздан бирөө чыкса болот эле, сен саясатка барып көрбөйсүңбү" дешкенинен балким салымымды кошуп калармын деп ойлондум. Азыр шаардык кеңеште биздин партия 2-орунду алды. Саясатка аз-аздан кадам таштап жатам.
— Эми ушунча болуп, атаңыздын экинчи турмушу тууралуу сурабасак болбойт?
Он жылдан кийин атам кайра келди. Апама "өзүңүзгө караңыз, кечире аласызбы? Анткени кызы катары менин мамилем башка, аялы катары сиздики бөлөк" дедим. Апам ойлонуп, бир күнү "кызым, мен карыдым. Атаң да карыптыр. Биз карылыкты чогуу өткөрөлү дедик" деп айтканда колдодум. Апам абдан кечиримдүү аял. Анан экөө неберелерин аябай сүйүштү.