Сүйүнүчтүү кабар! Турсунбек Асылгазиев жиу-житсу боюнча дүйнө чемпиону болду. Видео

Мелдеш ушул күндөрү Украинанын Киев шаарында өтүп жатат. Кыргызстандык балбан 92 килограммда ат салышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Турсунбек Асылгазиев жиу-житсу боюнча дүйнө чемпиону болду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга балбан өзү билдирди.

Ушул күндөрү Украинанын Киев шаарында өтүп жаткан мелдеште ал комбат жиу-житсу (боевое джиу-джитсу) түрүнөн 92 килограмм салмакта ат салышкан.

Дүйнө чемпионатында эки алтын уткан Нурсултан: агайым жок өзүмдү өзүм машыктырдым
Финалдык беттеште казакстандык Бейбит Закировду адегенде свип жасап, анан армбар (колун кайрып жеңилүүгө аргасыз кылган) ыкмага салып уткан.

Финалга чейинки жолунда ал франциялык, украиналык спортчуларды таза артыкчылык менен уткан.

Турсунбек Асылгазиев ММА спортунун да чебери, ал 2017-жылы JFC уюмунда дүйнө чемпиону болгон.

Мындан сырткары, 2010-жылы панкратион боюнча Москва шаарынын чемпионатында учурдагы UFC уюмунун жеңилбес чемпиону Хабиб Нурмагомедов менен үч раунд беттешкен. Калыстардын чечими менен жеңиш дагестандык спортчуга ыйгарылган.