Бусурманкулга жан тартып, күндө машыгып. Физиевдин мелдеш алдындагы видеосу

Видеодогу эпизоддордун биринде Физиев менеджери менен Ысык-Көлдө өткөн Хабибдин турнириндеги Бусурманкул Абдибаит уулунун кармашын көрүп отурганы тартылган.
Sputnik

Рафаэль Физиевдин менеджери Саят Абдрахманов кыргызстандык мушкердин Хьюстондогу UFC 265 мелдешине даярдыгы тууралуу видеоблок жарыялаган.

ЖК төрагасы UFC мушкери Рафаэль Физиевге энчилүү саат белек кылды
Анда Абдрахманов Физиев кармаш алдында салмакты кантип таштаганын, күн сайын кантип машыкканын көрсөткөн. Видеодогу эпизоддордун биринде Абдрахманов менен Физиевдин Ысык-Көлдө өткөн Хабибдин турниринде Бусурманкул Абдибаит уулунун кармашын көрүп отурганын байкоого болот. Экөө тең кыргызстандык мушкерге жан тартышкан.

Мындан сырткары, Физиев мелдеш алдында UFC чемпиону титулуна талапкерлердин бири болгон Гилберт Бернс менен да машыккан.