Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

23-августка караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Дүйшөмбүдө тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +29...+34, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +33...+35, Талас жергесинде +28...+30, Ысык-Көлдө +21...+26, Нарын аймагында +24...+26 градус болору айтылды.

Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +31...+33, Ош шаарында +33...+35, ал эми Чолпон-Ата калаасында +24…+26 градуска чейин жетет.