БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Баткен — Исфана унаа жолунун Эки-Таш тилкесинде белгисиз адамдар эки автокөлүктү ташка алды. Бул туурасында УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 22-августка караган түнү болжол менен саат 00:30дар чамасында болгон.
Мунун кесепетинен Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаанын эшиги жабыркап, Honda Stream машинасынын терезеси талкаланган. Жаракат алгандар болгон жок. Эки унаанын тең ичинде бараткандар Ош облусунун тургундары экени айтылды.
Аталган факт боюнча Баткен облусунун укук коргоо органдарына кабар берилген.
Буга байланыштуу Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү укук коргоо орагандарынын катышуусу менен жолугушуу өткөрүүнү пландап жатат.